Аптанын бейшемби жана жума күндөрү Ооганстандын ар кыл аймактарында болгон кагылышууларда набыт болгондордун көбү – талипчил жоочулар. Жергиликтүү полиция эки күн арасында 18 полиция кызматкеринен айрылды. Коалициялык күчтөрдүн курамындагы канадалык аскерлердин арасынан төртөө набыт болду. 18 полициянын тогузу өлкөнүн түндүгүндө, дагы тогузу Ооганстандын батышындагы Фарах чөлкөмүндө талиптердин кол салууларынан набыт болушкан. Ал эми канадалык төрт жоокер Кандагарга жакын жердеги кагылыштарда набыт болуп, дагы сегизи жаракат алышкан.