Кырсык өлкөнүн түндүк-батышындагы Монтана штатында болду. АКШнын авиация боюнча федералдык агенттигинин маалыматына караганда, Калифорниядан келе жаткан, жеңил моторлуу чакан учак белгисиз себептерден улам алгачкы багытыннан тайып, Бьют деген шаарчанын аэропортунун учуу-конуу тилкесине 150 метрдей жетпей кулаган. Баштапкы маалыматтарга караганда, каза тапкандандардын арасында бир нече жаш бала да бар. Алар Монтанага лыжа тебүү үчүн келе жаткан өңдөнөт. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.