Бирок биринчи айлампанын жыйынтыгында эч ким жеңе алган жок. Баштапкы маалыматтарга караганда, бийликтеги оңчул-борборчул коалициянын талапкери Георигий Иванов алдыга чыкты. Аны добуш берүүгө келгендердин 38%ы колдогон. Ал эми оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын талапкери Любомир Фрчковски 18%дан ашуун добуш алганы кабарланууда.
Жогорудагы эки талапкердин катышуусунда эми эки аптадан соң шайлоонун экинчи айлампасы өтө тургандай.
Македониянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээги добуш берүүнүн жүрүшүндө олуттуу укук бузуулар орун алган жок. Шайлоого добуш берүүгө укуктуу 1,8 миллион адамдын 51%дан ашууну келди.
ЕККУ уюмуна байланышы бар эл аралык байкоочулар Македониядагы шайлоо боюнча өз тыянагын бүгүн жарыялаары күтүлүүдө.