Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Бүгүн бейөкмөт уюмдар менен укук коргоочулар М.Конгантиев менен жолугушат


“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча жолугушууга ондон ашык бейөкмөт жана укук коргоо уюмдун өкүлдөрү катышат. Жарандык коом өкүлдөрү анда Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге буйрутма киши өлтүрүүлөр жана чуулгандуу кылмыштардын эмне себептен бети ачылбай жаткандыгы тууралуу суроолорду берип, элдин тартип коргоо өкүлдөрүнө ишеними азайып жаткандыгын билдиришет. 14-мартта 19 бейөкмөт уюм президентке кайрылуу жолдоп, анда Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди кызматтан алууну талап кылышкан. Ага министр өз көзөмөлүнө алган кылмыштардын бети ачылбай жаткандыгын негиз кылышкан.(BD)

XS
SM
MD
LG