Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Жаңы конуштагы мыйзамсыз үйлөр бузулат


Мындай маалыматты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы таратты. Вице-мэр Андрей Филатовдун билдирүүсү боюнча, шаардын башкы планына ылайык мектеп, бала бакча жана маданий жайлар курула турган жерге салынган үйлөрдүн саны азырынча 47. Бирок алардын отуз пайызга жакынынын жерге ээлик кылуу укугу расмий түрдө катталган документтери бар экен. Бишкек мэриясынын комиссиясы мурда берилген жер участокторунун мыйзамдуулугун иликтеп, мыйзамсыз берилген жерлерди кайра кайтаруу, ал эми расмий каттоого алына элек жерлерди ээлерине каттатууга жардам берип жатат. Ал эми мыйзамсыз салынган үйлөрдү жакында бузуу чечимин кабыл алат. (BD)

XS
SM
MD
LG