Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү талапкерди алып чыгат


Мындай чечим БЭКтин Саясий бюросунун бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Кыймыл бирдиктүү бир күчтүн атынан президенттикке бир талапкерди алып чыгуу маселесин апрель айында аныктайт. Саясий бюро жыйында андан тышкары 27-мартта жалпы өлкө боюнча өтө турган митингдеги башкы маселе - президенттик шайлоо жана шайлоону акыйкат өткөрүү үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деген чечимге келди. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин “Азатттыкка” билдирүүсү боюнча, оппозициячыл бирдиктүү күчтүн президенттикке талапкери бир саясий партиянын атынан же өзүн-өзү көрсөтүшү мүмкүн. БШКнын төрагасы Дамир Лисовский буга чейин “Азаттыкка” бирдиктүү уюм же кыймыл президенттикке өз талапкерин көрсөтө алар-албасы Адилет министрлигинин түшүндүрмөсүнөн кийин анык болорун, себеби шайлоого талапкерди министрликтин расмий каттоосунан өткөн гана саясий партия көрсөтө аларын билдирген. (BD)

XS
SM
MD
LG