Дээрлик 30 жылдан бери биринчи жолу болуп жаткан сапар маалында күрт козголоңчулар маселеси талкууланмакчы. Гүл Ирактын мамлекет башчысы, улуту боюнча күрт Жалал Талабани менен жолугушту. Сапардын алкагында ал премьер-министр Нури ал-Малики менен да кездешмекчи. Акыркы жолу түрк президенти Фахри Корутүрк коңшу Иракка 1976-жылы барган.