АКШнын Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук НАТОнун баш катчысы Яап де хооп Схеффер жана альянстын 26 элчиси менен жолугушту. Анын алдында Президент Барак Обама Вашингтон Ооганстан-Пакистан аймагы үчүн жаңы стратегияны ишке ашыруу жолдорун издеп жатканын билдирген. “60 мүнөт” программасына берген интервьюсунда америкалык президент Ооганстандагы согушка чекит коюу үчүн жалгыз аскерий иш-чаралар жетиштүү эмес деп, стратегия уруштан чыгуу планын камтууга тийиш деди.