Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:38

В.Путин Евробиримдик менен Украинанын газ келишимин сынга алды


Евробиримдик менен Украина бул өлкөнүн эскирип кеткен газ куураларынын көгүлтүр отту өткөрүү кубатын жана аны башкарууну жакшыртууну караган декларациясын кечээ жарыялаган эле. Орусиянын премьер- министри Владимир Путин Сочиде сүйлөгөн сөзүндө бул документти “жакшы ойлонулбаган жана професионалдуу эмес” деп мүнөздөдү. Путиндин айтымында, буга окшогон маселелердин газ берүүчү негизги өлкөсүз талкууланганы ишке олуттуу маани бергендикке жатпайт.

Евробиримдик Украинанын газ транспорттоо системасын оңдоп-түзөөгө канча каражат сарпталарын айткан жок. Украин премьер-министри Юлия Тимошенконун билдиргенине караганда, бул долбоорго 5,5 миллиард евро талап кылынат. Ал эми Евробиримдиктин иликтөөсү чыгымды 2,5 милиард евро деп көргөзгөн.

Быйыл январда Москва менен Киевдин ортосундагы баа боюнча талаштан улам Орусия газынын Европага Украина аркылуу жетүүсү үзгүлтүккө учураган эле.

XS
SM
MD
LG