Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:18

БУУнун Өнүгүү программасы Акыйкатчы институтуна көмөк көрсөтөт


Акыйкатчынын кеңсесинен "Азаттыкка" берген маалыматка караганда, апрель айынын башында БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Уолкер менен Акыйкатчы Турсунбек Акун техникалык жактан кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюшат. Анын негизинде ПРООН Акыйкатчы институтуна ири суммадагы грант берет. Үч жылга эсептелген жардамдын алкагында Акыйкатчынын баш кеңсеси менен облустагы бөлүмдөрүн интернет байланышы менен жабдып, бирдиктүү бир системада иштөөсүнө шарт түзүлөт жана кызматчылары чет өлкөдөн билимин өркүндөтө алышат. Эгер бул долбоор ишке аша турган болсо Акыйкатчы институту КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчи болуп БУУнун адам укуктары боюнча эл аралык координациялык комитетине мүчө болууга талапкер боло алат.(BD)

XS
SM
MD
LG