Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

ИИМ: Бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен конструктивдүү сүйлөшүү болгон жок


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. ИИМ Молдомуса Конгантиев менен жолугушууга келген жарандык коомдун өкүлдөрү өлкөдө адамдардын дайынсыз жоголушуна, журналисттерге болгон кол салуулар, оппозиция лидерлерине козголгон кылмыш иштери тууралуу тынсыздануу билдиришкен. Буга тартип коргоо органдарын айыптап , министр менен жалгыз жолугууну каалашкан. Министр аларды жалгыз кабыл алып, бир жарым саат бою укук коргоочулардын дооматтарын уккан. М. Конгантиев жолугушуу соңунда аларга ыраазычылык билдирип, мындай иш-чаралар милициянын ишмердүүлүгүнө коомдук көзөмөл кылуунун натыйжалуу формасы болоорун айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG