Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

ИИМ адам укугу боюнча жыйындарды өткөрөт


Ички иштер министрлиги менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда адам укугу боюнча окутуу семинарлар, тегерек үстөл жыйындар өлкөнүн баардык облустарында уюштурулмакчы. Мындай чечим ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кечээ бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Бул жолугушууда укук коргоочулар министр М. Конгантиевге милиция кызматкерлеринин адам укугун бузуп жаткандыгы боюнча бир топ дооматтарды койгон. Министр бул маселерди чечүүдө жарандык коомдун өкүлдөрүн биргелешип кызматташууга чакырган. (EBM)

XS
SM
MD
LG