Ага негиз берген чечимди Бишкек шаардык соту кабыл алгандыгын “Азаттыкка” А.Жекшенкуловдун адвокаты Нина Зотова билдирди. Анын айтымында, шаардык сот Башкы прокуратуранын Жекшенкуловду Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которуу тууралуу кассациялык өтүнүчүн канааттандырган жок. Ага чейин оппозиция Жекшенкулов башка жакка которулса өмүрүнө коркунуч келээрин билдиришип, адвокаты Нина Зотова бардык тартип коргоо органдарына Жекшенкуловду УККнин абагынан башка жакка которулбагыла деген өтүнүчтү жолдогон болчу. Башкы прокуратура тарабынан Жекшенкуловго эки кылмыш иши ачылып, бири сотко берилген. Анын сыйлыкка алган тапанчасы менен Түркиялык ишкер атылган деген шек менен ачылган экинчи кылмыш иши азыр тергөөдө.(BD)