Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

Аксы районунда 27-мартта БЭКтин өкүлдөрү элдик аким шайлаганы жатышат


БЭКтин Аксыдагы өкүлү Кубаныч Маматкеримов "Азаттыкка" билдирген маалыматка караганда, БЭКчилер кечээ райондук бийликтин башчылары менен сүйлөштү. Алар 17-мартта Аксы окуясы боюнча былтыркы элдик соттун чечимдери аткарылбаса, район акимине президент менен кошо кызматтан кетүү талабы кабыл алынганын түшүндүрүштү. Райондук кеңештин төрагасына эл тарабында болуу, милициянын башчысына 27-мартта Кербенге келүүчү митингчилердин жолун тоспоо талабы коюлду. Ал күнү элдик аким шайланарын маалым кылды. Аксы районунун акимим Талантбек Орозов президенттин жарлыгы менен 20-марттан иштей баштагандыктан кызматтан кетүүгө негиз жок экендигин билдирди. Анын белгилешинче, жума күнү акимият алдында митинг өткөрүү тууралуу эч кайсы уюмдан маалымдама түшкөн жок. "Акимди иш ордуна киргизбей жатыптыр» деген маалымат жалган жана бүгүн Аксыда ынкылаптын төрт жылдыгы майрамдалды,- деп жооп берди Т.Орозов.(YA)

XS
SM
MD
LG