Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Э.Каптагаев: 24-мартты эл майрамдаган жери жок


"Улуу Биримдик" саясий партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин "Азаттыкка" билдирүүсү боюнча, 24-мартты элдин көбү майрамдаган жери жок. Тескерисинче бул күндү талап-тоноо жана уурдалган үмүттөр менен уурдалган тилектердин күнү деп, бири-бирин куттуктоолорду мазактоо катары кабыл алгандар арбын. "Майрам күн экендигине карабастан аны шаң менен белгилебеген жана майрам каадасын жасабаган айыл өкмөттөр менен тургундардын мамилеси далилдеп турат",-деди Э.Каптагаев. Жогорку Кеңештеги "Ак жол" фракциясынын депутаты Ажыбай Калмаматов "бул күн мен үчүн майрам, себеби мурдагы бийлик кетип, анын ордуна биз бир бутагында отурган бийлик келип, башкаруу жаңыланган күн" деп билдирди.(BD)

XS
SM
MD
LG