Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

К. Бакиев: Адамдарды алмаштыруудан кырдаал өзгөрбөйт


Президент улуттук каналдагы кайрылуусунда оппозиция өкүлдөрү бийликтеги адамдарды алмаштыруу зарыл деп тынбай айтып жатканына токтолду. "Алардын оюнча өлкө авторитаризмге ооп бараткандай",- деди К. Бакиев. Президенттин ишениминде, адамдарды алмаштыруудан жагдай өзгөрбөйт. Андан көрө коомдук системанын механизмдерин, багыттарын башка нукка салуу оң. Ал үчүн чыныгы көп партиялуу система жана конструктивдүү оппозициянын ишмердигин шарт түзүү керек. Экинчиден, жарандык коом институттары менен диалогго жана кызматташтыкка жетишүү кажет. К. Бакиев мамлекеттик жана коомдук талдоо иштерин жүргүзүү үчүн жарандык коомго мамлекеттик заказдарды жана гранттарды берүү практикасын киргизүүнү сунуштады. Бейөкмөт уюмдардын ишмердиги жөнгө салынууга тийиш жана жарандык сектордун өнүгүшүнө жана коом алдындагы миссиясын аткарууга бөгөт болбоо керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG