Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:18

“Жашылдар” партиясынын 17 мүчөсүнө прокурордук эскертүү берилди


Бул тууралуу аталган партиянын лидери Эркин Бөлөкбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Биринчи май райондук прокурордун орун басары Кылмыш кодексинин 127-беренеси “Ушактоо”, 128-беренеси “Акарат кылуу” боюнча анын өзүнө жана партиянын айрым мүчөлөрүнө эскертүү берди. Ал ошондой эле Москва районун прокурору дагы “Жашылдар” партиясынын 17 мүчөсүнө эскертүү берип, 27-мартта райондун борборундагы менчик үйдүн жанында митинг өткөрүүгө тыйуу салган. Жума күнү митинг өткөрүү боюнча партиянын өтнүнүчүнө райондук сот стадиондо өткөрүүгө уруксат берген чечим чыгарган. “Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү артыбыздан аңдуу жүргүзүп, эл арасында 27-мартта митингге барбагыла, барсаңар камаласыңар деп коркутууда”,-дейт Бөлөкбаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG