Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев "Азаттыктын" таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоону демократиялык түрдө, элдин эркин ыктыярдуу билдирүүсү үчүн атайын шарттарды түзүп өткөрүү боюнча БШКнын календардык планы бекитилип, анын негизинде иш жүрүп жатат. Ал ошондой эле өткөн жылдын соңунда Шайлоо кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алып, ар бир шайлоо процессине керек болгон Шайлоо кодексин жаңы басып чыгарып, 7 миңге чукул нускасын таратуу боюнча иш чара белгиленгенин айтты. “БШК президенттик шайлоону өткөрүүгө жана уюштуруу иштерин календардык пландын негизинде жүргүзүүгө даяр. Шайлоого жалпысынан 172 млн. сом каражат жумшалмакчы. Каржылоо маселесинде проблема болбойт”,-деди С.Бөрүбаев. (AJ)