Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Р.Отунбаева: К. Бакиевдин 2-мөөнөткө барышына тоскоол болгон оорулары бар

Жогорку Кеңештеги СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева бүгүн маалымат жыйынында К.Бакиевдин ден-соолугу жакшы эместиги тууралуу маалымат бар экендигин, анын дарты президенттик экинчи мөөнткө барууга тоскоол болушу мүмкүндүгүн билдирди. “Биз билгендей Курманбек Бакиевдин президенттик экинчи мөөнөткө барышына олуттуу тоскоол болгон оорулары бар”,-деди Отунбаева. Президенттин басма сөз кызматына бул боюнча кайрылып жооп ала алган жокбуз. 19-мартта парламентте президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Досалы Эсеналиев өлкө башчысынын саламаттыгы жакшы экендигин билдирип, мындай маалыматты четке каккан. (AJ)
XS
SM
MD
LG