Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

БЭК президенттик шайлоого бирдиктүү саясий күч болуп катышат


Бул тууралуу БЭКтин мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Темир Сариев оппозиция бир катар кеңештерди өткөргөндөн кийин президенттикке талапкердин аты-жөнүн жарыялаша тургандыгын белгилеп, оппозиция шайлоочуларынын добушун бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп коргой тургандыгын айтты. Ал ошондой эле оппозиция бириккен күчүн 27-марттагы митингде көрсөтүүнү ниеттенип жаткандыгын кошумчалады. БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров болсо БШКнын жана шайлоо комиссияларынын курамынын 50 пайызы оппозициядан, 50 пайызы бийликтен болушу керектигин билдирди. Маалымат жыйынына “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаев, Элдик революциялык кыймылдын жетекчиси Азимбек Бекназаров, экс-министр Исмаил Исаков, ЖК.СДП фракциясынан депутат Роза Отунбаева, “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG