Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:23

М.Ниязов: Президенттин телекайрылуусу өтө кеч болуп калды


Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Анын айтымында, 24-мартта президент Курманбек Бакиев телекайрылуусунда айла жоктон “биз билебиз, өлкөнүн келечегин ачып беребиз” дегени өтө кеч айтылды. “ Өлкөдө чындыгында кырдаал өтө оорлоп, саясий-экономикалык акыбалыбыз нөлгө түшүп кетти. Өнөр-жай, айыл чарба продукцияларын өзүбүз өндүрө албай, митечилик менен жашагандай болуп калдык. Коррупция болсо гүлдөп өнүгүп Камбоджа, Чад, Зимбабвенин катарына кирип калдык”,-деди М.Ниязов. Өлкө башчысы К.Бакиев 24-мартта улуттук канал аркылуу кайрылуусунда “Өлкөнү жаңылантуу багытын” жарыялаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG