Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Дагы эки журналистти сабап кетишти


Кечээ түнкү саат бирде “Московской Комсомолец” гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов менен журналист Елена Агееваны үч белгисиз адам сабап, тоноп кетишти. Окуя Бишкек шаарынын 10-кичи районунда болгондугун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн билдирди. Маалыматка караганда, журналисттерге кол салган үч адам алардын мобилдик телефонун, жанындагы акчасын жана сырт кийимдерин алып кетишкен. Учурда У.Бабакулов Бишкектеги 4-ооруканада дарыланууда. Анын көзү көгөрүп, мээси чайкалгандыгы айтылууда. Ал эми жабырланган Е.Агеева үйүндө. Б.Сейитовдун айтымында, бул боюнча Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, учурда издөө иштерин жүргүзүүдө. “Бул эч кандай саясат жана алардын кесиптик ишмердүүлүгү менен тиешеси жок”, - деди Б.Сейитов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG