Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

О. Молдалиев: Дүйнө жүзүндө да оппозиция бириккен эмес


Мындай пикирин саясат талдоочу Орозбек Молдалиев “Азаттыкка” оппозициянын президенттик шайлоого биригип, бир лидерди алып чыгабыз деген билдирүүсүнө карата айтты. “Оппозиция кандай шартта, эмненин негизинде биригет деген суроо туулат. Бирок азыркы шартта алар биригет. Эгер бирикпей, чачыранды болсо жеңишке жетишпей тургандыгын өздөрү да түшүнүп турат”, - дейт О. Молдалиев. Саясат талдоочу оппозиция ушул шартта биригип аракет кылса, жеңишке жетишет жана абалды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар деген ойдо. “Оппозициянын өздөрү айткандай чын эле элди ойлоп, кам көрүп жаткандыгы ачыкка чыгып, алар үчүн да чоң сыноо болгону турат. Азыр жаштар да аларды карап, кийин алардын катасын кайталабаганга аракет жасап жаткан чагы. Оппозиция ошону түшүнүп, биригиш керек”, - дейт О. Молдалиев. (КЕ)

XS
SM
MD
LG