Бул тууралуу Адилет министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, №14 түзөтүү колониясынан жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Фархад Абдраимовдун эки жолу качкандыгына байланыштуу колониянын началнигинин орун басары улук лейтенант Улугбек Бейшекеевге 25-мартта кылмыш иши козголуп, ээлеген кызматынан бошотулду. Эскерте кетүүчү жагдай, уурулук кылган делип айып тагылып жаза мөөнөтүн өтөп жүргөн 18 жаштагы Фархад Абдраимов 23-мартта түзөтүү колониясынан качып чыгып, эртеси кармалган. 24-мартта улук лейтенант Улугбек Бейшекеевдин нөөмөтү убагында качуу боюнча иликтөө эксперименти жүргүзүлүп жатканда Абдраимов кайрадан качып кеткен. Ал аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан кармалып, түзөтүү колониясына жеткирилген. (AJ)