Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Мыйзамсыз сатылып кеткен кыздын фактысы боюнча кылмыш иши козголду


2001-жылы туулган Кыргызстандын жараны Максатбек кызы Айдайды АКШ жарандары, үй-бүлөлөр Роберт Вильям Герихтен жана Патриции Эллен Герихтендин мыйзамсыз багып алган делген фактысы боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, текшерүүдө 2001-жылдын 22-октябрында Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүнүн ЗАГСнын бөлүм башчысы А.Абдразакова жасалма медициналык күбөлүктүн негизинде Максатбек кызы Айдайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк берген. Ал эми жасалма медкүбөлүк М.Жанузаков менен Д.Молдалиевага Чүй облусунун төрөт үйүнөн берилгендиги такталган. Сурак учурунда Д. Молдалиева Айдайды өзү төрөбөгөндүгүн, жаңы төрөлгөн баланы Чүй облусттук ооруканадан туугандары алып бергенин айткан. Беш жыл өткөндөн кийин ал багып алган кызынан баш тартып, аны “Ак жол” коомдук кайрымдуулук фондуна өткөрүп берген. Ошол жактан Айдайды мыйзамсыз түрдө АКШнын жарандары багып алып, Кыргызстандан сырт алып кетишкен. Баш прокуратуранын басма сөз кызматы бул окуя боюнча илим Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси А. Абдуазизовага каршы кылмыш иши козголгонду тууралуу кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG