Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

С. Лавров Вашингтондун билдирүүсүн кубаттады


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва менен байланыштарды оңдоо чакырыгын кубаттады. "Файнешнл таймс" (Financial Times) гезитине берген маегинде министр АКШ президенти Барак Обаманын Иранга жасаган видео кайрылуусун өтө жакшы жышаана катары баалады. Лавров Москванын НАТОнун мурдагы советтик жумуриятттарды кабыл алуу пландарына каршы экенин кайталады. Алдынкы күнү Обама АКШ-Россия мамилелерин өнүктүрүү багытында иштөөгө убада кылган. Америкалык президент ошол эле маалда НАТОнун кеңейишин кубаттай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG