Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:33

Бириккен оппозиция эртеңки митингде бийлик алдына беш талап койгон жатат


Резолюциянын долбоорунда 2009-жылдын 23-июлуна белгиленген кезексиз президенттик шайлоону ачык жана таза өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Бириккен Элдик Кыймылы койгон беш талап талап жазылган. Ал талаптардын негизгилери: БШКнын, округдук жана участкалык шайлоо комиссияларынын тең жарымын БЭКтин сунушу менен дайындоо; Баш прокурор, ички иштер министри, коргоо министри, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын, Каржы полициясынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчыларын, Коопсуздук кеңешинин катчысын, ИИМдин аскер күчтөрүнүн командири кирген сегиз кызмат ордунун тең жарымын оппозициянын сунушу менен дайындоо; Улуттук телерадио жана "ЭлТР" телеканалынын Байкоочулар Кеңешинин жарымын БЭКтин сунушу менен дайындоо; Шайлоого эл аралык байкоочуларды кеңири чакыруу жана саясий куугунтуктарды токтотуу. “Президент К.Бакиев өзүнүн акыркы кайрылууларында айтып жаткандары чын сөз экендигин далилдейм десе, оппозициялык күчтөр менен сүйлөшүүгө даяр экендигин көрсөткүсү келсе, эл тарабынан талаптарды 20-апрелге чейин аткарууга милдеттүү”, - деп жазылат анда. Бул талаптарга бийлик тарабынан эч кандай конструктивдүү кадамдар жасалбаса БЭК “Бакиевдерсиз шайлоо!” урааны алдында мөөнөтсүз нааразылык акцияларды баштайт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG