Бул тууралуу “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери, Кыргызстан мусулмандар кошуунунун төрагасынын орун басары Нурлан Мотуев билдирди. Анын айтымында, оппозиция бүгүнкү Бишкек менен Ош шаарындагы нааразылык акциясында атайын чагым салмакчы. Муну алар батыштан акча алуу максатында жасаганы жатат. Н. Мотуевдин билдиришинче, ага бул тууралуу оппозициянын арасындагы өз кишилери айткан. Оппозиция лидерлери Н. Мотуевдин айткандарын четке кагып, акциянын максаты бийликке талаптарын жеткирүү экенин билдиришти. (EBM)