Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:10

Бишкекте БЭК уюштурган митинг аяктады


М.Горькийдин эстелигинин жанында өткөн митингдин соңунда 5 талаптан турган резолюция кабыл алынды. Анда өлкө башчысы Курманбек Бакиевди президенттик шайлоого катыштырбоо, саясий куугунтуктарды токтотуу, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамына жарым-жартылай оппозициянын мүчөлөрүн киргизүү, Улуттук биринчи канал, ЭЛТР коомдук телекомпаниясынын байкоочулар кеңешине оппозициядан кошуу, күч органдардын башчыларын алмаштырып, БЭК сунуштаган адамдарды дайындоо талабы коюлду. Эгерде бул талаптар аткарылбаса 20-апрелден тарта оппозиция өлкө боюнча мөөнөтсүз акция баштай турган болду. БЭК митингге алты миңден ашуун адам катышканын билдирсе, Ички иштер министрлиги 1200-1300 адам катышты, деди. Байкоочулардын баамында акцияга эки миңден ашуун адам катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG