Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:40

Чүйдүн эки районундагы митинг үзгүлтүккө учурады


Панфилов жана Жайыл райондорунда чогулгандарды тартип коргоо кызматкерлери кармап кетишип, митинг үзгүлтүккө учурады. Ал эми Москва районунун айрым айылдарынан акцияга келе жаткандарды жолдон тосуп өткөрбөй коюшканы туурасында уюштуруучулардын бири Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” кабарлады. Ал эми облустук администрациянын басма-сөз кызматы “оппозициянын митинги мыйзам бузуулар менен коштолду жана мындай иш-чара жазгы талаа иштерине болуп көрбөгөндөй зыян берет”, - деп маалымат таратты. Жергиликтүү байкоочулардын айтымында митингге чогулгандар БЭКтин резолюциясын жактырып, бир ооздон кабыл алышкан. (JJ)

XS
SM
MD
LG