Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

А.Кенжебаева: Оппозициянын айрым талаптары негизсиз


Митингде айтылгандай Жогорку Кеңеш бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн парламент дегени негизсиз. “Ак жол” партиясы Кыргызстандын, жалпы элдин келечеги үчүн иштеп, элдин кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды кабыл алып жатат, деди парламенттеги “Ак жол” фракциясынан депутат Айнура Кенжебаева. “Президент Курманбек Бакиевдин жаңылануу багытындагы кайрылуусунда жетекчилерди эмес, жетектөө системасын реформалоо керек, оппозициянын өкүлү болобу, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү болобу конструктивдүү пайдалуу сунуштары болсо аларды дагы эске алып шарт түзүп берели деп айтпадыбы. Эгерде оппозициянын арасында жаш, билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар болсо мен ойлойм, бул жерде 50Х50 дебей эле, кыргыз жарандарынан кызматка коюш керек”,-деди Кенжебаева. БЭК митингде күч структураларында, БШКда жана УТРК менен ЭлТРдин байкоочу кеңешинин 50 пайызын оппозиция өкүлдөрү болсун деген талапты коюшту. (AJ)

XS
SM
MD
LG