Мындай маалыматты «Азаттыкка» бүгүн БЭКтин Аксыдагы өкүлү Кубанычбек Маматкеримов билдирди. Анын айтымында, Кербендеги митингчилер 28-марттан тарта райбийликтин алдында боз үйлөрдү тигүү чечимин кабыл алышты. Ага дейре президент менен Аксынын акими жана райкеңештин төрагасы кызматтан кетүүсү керек. Райондук кеңештин сессиясы чукул чакырылып, акимдин кызматына анын 1-орунбасары Ырысбек Ызабеков көрсөтүлүп, ал президенттин жарлыгы менен кызматка дайындалсын, Аксы окуясынын күнөөкөрлөрү табылып, алар кылмыш жообуна тартылсын. БЭКтин лидерлери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө куугунтуктоо токтотулуп, өкмөттүн маалымат каражаттары окуяларды туура чагылдырсын, деген талаптар коюлганын билдирди Кубаныч Маматкеримов. (YA)