Андыктан бул жөнүндө кандайдыр бир пикир айта албайм, деп билдирди “Азаттыкка” президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Алмас Турдумаматов. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев маалымат жыйынында бийлик Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр менен конструктивдүү диалогго, сүйлөшүүгө дайым даяр деп билдирген. “Бирок буга чейин оппозиция бийлик менен сүйлөшүүдөн баш тарткан”,- дейт Турдумаматов. Ал ошондой эле Бишкектеги митинг мыйзамдын чегинде өткөндүгүн белгиледи. (AJ)