Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Сарбаев БУУнун калкасында маңзаттарына каршы кызмат түзүүнү сунуштады


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан Ооганстандагы абалды турукташтырууга эл аралык күчтөрдү жана террорчулукка каршы коалицияны күчтөндүрүү аракетин колдоорун билдирген. Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга жеке эле аскер күчтөрүнүн аракеттери менен эмес биргелешип саясий-экономикалык, гуманитардык жактан колдоо менен чечүүгө болорун белгилеген. Жыйында Ооганстандын экономикасын, инфраструктурасын калыбына келтирүүгө Кыргызстандын катышуусу жана Ооганстандын улуттук кадрларын Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окутуу демилгеси колдоого алынган. Ошондой эле К.Сарбаев БУУнун баңгизаттарына каршы түзүлүшүнүн калкасында ШКУга байкоочу мамлекеттерди жана буга кызыкдар өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды тартып маңзаттарын алып өтүүгө каршы Ош шаарында биргелешкен кызмат түзүү боюнча Кыргызстандын сунушун билдирди. Жыйындын катышуучуларын президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен Борбор-Азия аймагынын коопсуздук маселеси боюнча дайыма аракеттеги эл аралык диалог жүргүзүүчү “Бишкек демилгеси” эл аралык аналитикалык борбор түзүү сунушу кызыктырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG