Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

И.Исаковдун соту 6-апрелге которулду


Буга экс-министр Исмаил Исаковдун адвокаттары судьяга ишеним көрсөтпөй, ишти кароону башка судьяга алмаштыруу боюнча жогорку инстанцияларга кайрыла турганы себеп болду. Исмаил Исаковдун айтымында, прокурор менен соттун өздөрү мыйзамды ыйык сактабай, мыйзамды тебелеп жатканы Кыргызстандын чоң коркунчта калганынан кабар берет. “Судья мыйзамды сактабай бир тараптуу мамиле кылгандыгынан улам ишенбөөчүлүк көргөздүк. Сот мыйзамдын негизинде эмес, жогорку жактын көргөзмөсү менен иш алып барды”,-деди Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаров. Судья Жакып Бектемиров болсо И.Исаковго байланыштуу сотту мыйзам чегинде жүргүзүп жатканын билдирди. 10-мартта Бишкек гарнизондук соту коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго байланыштуу ишти карай баштаган. Коргоо министринин мурдагы жетекчисине Балыкчыдагы аскердик бөлүктө автоунаалардын жоголушуна, аскердик майрамдарды белгилөөгө байланыштуу айып коюлууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG