Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:46

Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына кол койулду


Бүгүн Президенти К.Бакиев “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамдын 3-беренесине өзгөртүү киргизилген, ага ылайык:
- жер салыгы жана 4-топтогу мүлктөргө салыктар (транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер, өзү жүрбөгөн транспорт каражаттары (чиркегичтер, жарым чиркегичтер, баржалар, вагондор, платформалар, цистерналар жана башка ушул сыяктуу каражаттар) республиканын бүткүл аймагында 2009-жылдын 1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин киргизилет.
- 1, 2 жана 3-топтогу обьекттин мүлтөрүнө салык 2010-жылдын
1-январынан 2010-жылдын 31-декабрына чейин киргизилет.
1-топ: ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылбаган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, башка капиталдык курулуштар, жамаатташ салынган же өзүнчө курулган гараждар,
2-топ: ишкердик жүргүзүүгө арналган жана пайдаланылган турак үйлөр, квартиралар, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жай жана башка имараттар жана курулуштар;
3-топ: күркө, контейнер жана башка көмөкчү мүлктөр сыяктуу ишкердик жүргүзүүгө арналган металлдан жасалган жана башка конструкциядагы убактылуу жайлар.
2011-жылдын 1-январынан баштап аталган салыктар жергиликтүү кеңештер тарабынан киргизилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. (AJ)

XS
SM
MD
LG