27-мартта Ташкентте өткөн жыйында Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Таджикистан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн турган Аймактык антитеррордук түзүм 2010-2012-жылдар үчүн кызматташтык программасын кабыл алды. Терроризм, экстремизм, сепаратизмге каршы багытталган бул программа алкагында ШКУга мүчө өлкөлөр үчүн өз ара окутуу, маалымат алмашуу жана кадрларды даярдоо каралат. (EK)