«Ата Мекен» партиясынын облустук бөлүмү ушундай чечимге токтогонун «Азаттыкка» бүгүн анын төрагасы Эргеш Садиров билдирди. Облустун бир нече райондоруна көрсөтүү үчүн тасмалар көбөйтүлүүдө. Анын түшүндүрмөсүндө буга жергиликтүү бийликтердин 27-марттагы митинг тууралуу так эмес маалыматтарды таркатканы себеп болду. Акман айлындагы митингдегилердин санын Базар-Коргон райбийлиги он эсе азайтып, 150-170 киши катышты деп билдирген. Анда президенттин отставкага кетүүсү, анын президенттик шайлоого катышпоосу, БШКдан тартып бардык шайлоокомдордун жарымын оппозициядан куроо жана алты күч министрин кызматтан алуу, буйуртма киши өлтүргөндөрдү таап-жазалоо талаптары жөнүндө маалымат айтышпаган. Аталган талаптар аткарылбаса, 20-апрелден тарта мөөнөтсүз акция башталаарын да билдиришпеген. "Митингге катышкандарды коркутуу-үркүтүү, милицияга чакыртуу болууда", - деп билдирди Эргешалы Садиров. (YA)