Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:37

Вашингтон Ирандын чечимин кубаттайт


АКШ алдыдагы аптада Гаагада өтө турган Ооганстан боюнча эл аралык жыйынга Ирандын да катышуу чечимин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан жана Пакистандагы атайын өкүлү Ричард Холбрук билдирди. Холбрук мырза расмий Тегерандын мындай чечимин “алга карай ташталган кадам” катары баалап, Иран сыяктуу эле, Вашингтон да Ооганстандагы туруктуулукка бирдей кызыкдар болгонун баса белгиледи. Кечээ (27-мартта) АКШ президенти Барак Обама Ооганстан жаатында жаңы эл аралык байланыш тобун түзүүнү сунуш кылган. Бул топко НАТОго мүчө өлкөлөрдөн сырткары, Иран, Орусия, Индия жана Кытай кириши ыктымал.

XS
SM
MD
LG