Орусия жана АКШ куралсыздандыруу боюнча өз ара келишимин узартуу үчүн алгачкы кадам жасашы мүмкүн. Бул тууралуу Орусиянын президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Сергей Приходко билдирди. Анын айтымында, 2-апрелде Лондондо Чоң жыйырмалыктын саммитинин учурунда АКШ президенти Барак Обама менен Орусиянын лидери Дмитрий Медведев өз өлкөлөрүндөгү стратегиялык курал-жарактар тууралуу бириккен декларация жасашат. 1991-жылы кол коюлган өзөктүк курал жарактарды кыскартуу тууралуу АКШ менен Орусиянын өз ара келишиминин мөөнөтү быйыл декабрда соңуна чыгат. Бул келишимди узартуу маселеси соңку жылдары америкалык-орусиялык мамилелердеги чыңалууга байланыштуу жарга такалып келген.