Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:33

АКШдагы митингде Кыргызстандагы президенттик шайлоонун калыс өтөөрүнө күмөн саноолор айтылды


Вашингтондогу кыргыз элчилигинин алдындагы митингде "Азаттык" үналгысына "Ата Мекен" партиясынын АКШдагы бөлүмүнүн жетекчиси Равшан Жээнбеков "Кыргызстандагы президенттик шайлоо азыркы президент Курманбек Бакиевдин катышуусусуз өтүшү керек", - деп билдирди. Анын пикиринде, президенттик шайлоого Курманбек Бакиев катыша турган болсо шайлоо адилеттүү болушу мүмкүн эмес. “Курманбек Бакиев катышкан шайлоо фальсификация, адамдарды коркутуп-үркүтүү менен өтүшү мүмкүн. Себеби К. Бакиев шайлоодо бардык административдик ресурстун баарын өз кызыкчылыгында пайдаланат. Ошондуктан колубуздан келишинче келечектеги шайлоону учурдагы президенттин катышы жок өткөрүүгө аракет кылышыбыз керек", - дейт Равшан Жээнбеков.

АКШда 27-мартта өткөн бул митинг ошол эле күнү Кыргызстанда өткөн оппозиция митингине тилектештик катарында өткөрүлдү. Бишкектеги митингде бул күнү бийликке беш талап коюлуп, аны аткарууга 20-апрелге чейин мөөнөт берилген. Ошол эле учурда "Ак жол" партиясынын айрым өкүлдөрү оппозициянын мындай талаптары негизсиздигин билдиришүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG