Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:19

Орусиянын лидери Би-Би-Си үналгысына маек курду


Орусиянын президенти Дмитрий Медведев айрым журналисттердин өлүмүндө саясий жүйө болушу мүмкүн экендигин айтты. 2-апрелде Лондондо өтө турган саммиттин алдында Би-Би-Си үналгысына берген маегинде, Дмитрий Медведев кырдаалды оңдоо үчүн кылмышкерлерди таап, сот жообуна тартуу керектигин билдирди. Укук коргоочулардын эсебинде, Орусия журналисттер үчүн эң кооптуу өлкөлөрдүн бири. Акыркы он жылда Орусияда он алты журналист өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG