Кечээ (28-мартта) Чилиде дүйнө лидерлеринин экономикалык кризис менен күрөшкө арналган жыйыны өттү. Жолугушууда Британиянын премьер-министри Гордон Браун, Бразиялиянын президенти Луис Инасиу Да Силва жана башкалар каржы кризисин жөнгө салуу үчүн олуттуу реформалар зарыл болгонун белгилешти. Чилидеги жыйынга чогулгандар 2-апрелде Лондондо өтө турган Чоң жыйырмалыктын саммитинин катышуучулары мына ушул реформалар тууралуу орток пикирге келиши керектигин айтышты. Бирок АКШнын вице-президенти Жо Байден каржы базарлары эркин болушу керектигин дагы бир ирет белгиледи. Кечээ Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө он миңдеген кишилер экономикалык кризиске нааразылыгын билидирип көчөлөргө чыгышты.