Бул тууралуу президент Барак Обама Си Би Эс телеканалындагы интервьюсунда билдирди. Ал белгилегендей, АКШ Пакистандын аймагында ал-Каиданын лидерлерин издөөнү Пакистандын өкмөтү менен консультацияларды өткөргөн соң улантат. Анткен менен Обаманын айтымында, АКШ Пакистандын суверенитетин урматтайт жана өлкөнүн ичинде аскер жайгаштыруу ниети жок.
АКШ президенти өткөн аптада Ооганстан менен Пакистан чөлөмүндөгү аскерий аракеттер боюнча жаңыланган стратегияны жарыялаган. Анын максаты ал-Каиданы Ооганстан менен Пакистандын аймагынан АКШ менен аны өнөктөштөрүнө кол сала албагыдай абалга түшүрүү.
АКШ президенти Ооганстанда ал-Каида менен Талибанга каршы күрөшүнө жана ооган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу үчүн кошумча 21 миң аскер жөнөтүүнү буйруган.
Барак Обама Си Би Эстеги маегинде ошондой эле Ирактан аскерлерди чыгаруу боюнча планды карманарын, бирок аны тездетпей турганын кошумчалады. АКШ президенти буга чейин жарыялаган планга ылайык, 2010-жылдын 31- августуна карата Иракта азыр турган 142 миң аскердин 35-50 миңи эле калат жана алар 2011-жылдын аягына карата чыгарылып кетмекчи.