Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:33

М.Садыркулов боюнча ДНК экспертизанын жыйынтыгы келди


Бирок ал боюнча азырынча маалымат берилбейт,-деп билдирди Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Учкун Каримов бүгүн “Азаттыкка”. Анын айтымында, 13-мартта жол кырсыгында күйүп кеткен сөөктөр Москвда ДНК иликтөөсүнөн өткөрүлүп, анын жыйынтыктары Бишкекке келди. Бирок жабыр тарткандардын туугандарынын, адвокаттарынын өтүнүчү менен анын жыйынтыгы азырынча ачык айтылбайт. Белгилүү болгондой 13-марттагы жол кырсыгында М.Садыркулов, С.Слепченко жана К.Сулайманов каза болгондугу кабарланган. Бирок күйүп кеткен сөөктөрдүн кимге таандык экенин аныктоо үчүн ДНК иликтөөсү жүргүзүлүш керектиги белгиленген эле. Жергиликтүү маалымат каражаттары ДНК иликтөөсүндө сөөктөр М.Садыркулов жана анын жанындагыларга таандык экени аныкталганын жазып чыкты.(AiT)

XS
SM
MD
LG