Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

БЭКтин талаптары өкмөт үйүнө жеткирилди


Бул тууралуу оппозициялык кыймылдын штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 27-мартта жер-жерлерде болгон митингдерде коюлган талаптар жалпылаштырылып, бүгүн өкмөт үйүнө жеткирилди. Оппозиция митингде БШК, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын, күч структураларынын жетекчилигинин, УТРК, ЭлТРдин Байкоочулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымын БЭКтин сунушу менен дайындоо, шайлоого байкоо жүргүзүүгө байкоочуларды чакыруу, алардын ишине тоскоолдук кылбоо жана саясий куугунтуктарды токтотуу талаптарын койгон. Бекназаровдун маалыматы боюнча, 27-мартта 23 жерде митинг болуп, ага жалпысынан 100 миндей киши катышты. Бирок бийлик өкүлдөрү оппозиция митингисине элдин аз келгенин билдирүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG