Бирок премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган жетектеген Адилет жана өнүгүү, же АК партиясынын колдоочулары мурдагы жылдарга караганда азайганы байкалууда. Алдын-ала санактарга ылайык, алар добуштардын 39 процентин чогултушту. 2007-жылы жалпы улуттук шайлоодо партия 46 процентке ээ болгон. Оппозициядагы Элдик партия экинчи жана Улуттук аракет партиясы 3-орунда баратышат.