Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Араб өлкөлөрүнүн лидерлери Суданга колдоо көргөзүштү


Араб лигасына кирген өлкөлөрдүн Катарда өтүп жаткан саммитинин биргелешкен билдирүүсүндө араб лидерлери Судандын президенти Омар аль-Баширге “тилектештик” көргөзүү менен катар Эл аралык кылмыш сотунун аны камоо жөнүндөгү чечимин айыпташты.
Эл аралык Кылмыш соту Судандын президентин өлкөнүн Дарфур провинциясындагы жаңжал учурунда адамзатка кршы жасаган кылмыштары үчүн айыптаган.
Сот президент аль-Баширди камакка алуу буйругун чыгаргандан кийин Судан өлкөдө бир катар эл аралык гуманитардык уюмдардын ишине тыюу салды. Араб лигасынын саммитиндеги сөзүндө Судан президенти өз чечиминин тууралыгын коргоду.

XS
SM
MD
LG