Бул жолку төмөндөөгө АКШнын автомобиль чыгаруучу негизги эки компаниясы банкрот болуусу ыктымал деген тынчыздануулар жана глобалдык банк системасындагы абалга карата кооптонуулардын уланып жатуусу себеп болду. Дүйшөмбү күнкү сооданын жыйынтыгында, АКШдагы негизги биржалык индекстер 3%га ылдыйлады.
Мунун алдында кечээ Испания, Германия, Британияда кыйынчылыкка кабылган банктарды куткаруу боюнча чаралар көрүлгөн эле.
Ал эми АКШда президент Барак Обама автомобиль жасоочу “Женерал Моторс” жана “Крайслер” компанияларына өз иштерин реструктуризациялоосу үчүн акыркы мөөнөт чектеген эле. Обаманын айтымында, АКШнын автомобиль индустриясы жоголуп кетүүсүнө жол берилбейт, бирок компаниялар глобалдык каржы кризисинин шартында аман калуусу үчүн турмушка жарамдуу планды сунуш кылуусу керек.
Автоунаалардын сатылуусу кескин төмөндөгөн шартта АКШ өкмөтү буга чейин эле “Женерал Моторско” 13,5 миллиард, “Крайслерге” 4 миллиард доллар жардам көргөзгөн.