Лахор шаарындагы полиция академиясына кечээ куралчан адамдардын тобу кол салган эле. Коопсуздук күчтөр белгисиз куралчандар менен сегиз саатка жакын атышты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, атышуудан кеминде 14 адам, анын ичинде 8 полицей, 4 согушкер каза тапты, 100гө жакын киши жаракат алды. Бир нече согушкер камакка алынды.
Пакистандын ички иштер министрлиги кол салуу үчүн Талибандын Пакистандагы лидери Байтулла Мехсуддун согушкерлеринен шек саноодо.
Пакистандын ички иштер министрлиги кол салуу үчүн Талибандын Пакистандагы лидери Байтулла Мехсуддун согушкерлеринен шек саноодо.